Нарын районунун 15 жаштагы тургуну Азирет Садакбек уулу 5 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Нарын ШИИБинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Нарын райондук милициясына 41 жаштагы Нургүл Энтериева аттуу тургун кайрылып, 15 жаштагы баласы 15-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбей жатканын билдирген.
Азирет үйүнөн чыгып баратканда үстүндө ак түстөгү спорттук кийим, боз түстөгү спорттук шым жана кара түстөгү баш кийимчен болгон.
Сүрөттөгү адамды көрүп билгендер болсо же ал тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ адамдар 102, 0708 00 58 47 номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.