Грузиянын өкмөтү жарандардын банктардагы карыздарынан кечүү чечимине кол койду

Грузиянын өкмөтү 600 миңге жакын жарандын банктардагы карызын жокко чыгарууну чечти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, өкмөттүн мындай кадамына көптөгөн жарандардын "кара тизмеге" түшүп калгандыгы себеп болгон.

"Өлкөдө 600 миңге жакын жарандын банктардын, онлайн-уюмдардын жана башка финансылык институттардын алдында 565 миллион 300 миң доллар карызы бар. Бүгүнкү чечимге ылайык, аталган карыздар кечирилет", - деп билдирген премьер-министр Мамука Бахтадзе.

Өкмөт башчысы 600 миңге жакын жарандын ичинен 150 миң адам жардамга муктаж, ал эми он миңдеген адамдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар экенин кошумчалаган.

"Биздин эл Жаңы жылды эч кандай карызы жок тосот" деген Бахтадзе. Карыздарды кечүү 15-декабрда башталып айдын аягына чейин созулат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Qwer007
2018-11-20 16:41:12
Мына ушуну мамлекет карапайым элди ойлоп жатат десе болот
+9
bond02
2018-11-20 16:48:24
Бизде тескерисинче, жаны жылга чейин тологуло деп кыстаса керек.
+13
Saidochka
2018-11-20 19:56:00
Мындай нерсе биздикилердин тушуно да кирбейт
+5
sherzatik
2018-11-21 04:27:38
Аллахым бизге да ушундай өлкө башчыларды бере көр. Оомийин!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан