Британиянын "Би-би-си" басылмасы дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 айымды атады. Алардын катарында Алина Анисимова аттуу кыргыз кызы дагы бар. Бул тууралуу басылманын расмий сайты жазып чыккан.
Маалым болгондой, "Би-би-си" басылмасы 60 өлкөнүн ар кандай кызматтагы (өлкө лидерлер, мамлекеттик кызматкерлер, эл баатырлары, жөнөкөй жарандар), тагыраагы, өзүнүн ишмердүүлүгү менен башкаларга дем-күч берген кыз-келиндерин тандаган. Таасирдүү кыз-келиндердин кичүүсү 15 жашта, улуусу 94 жашта болгон.
Ал эми мекендешибиз Алина Анисимова 19 жашта. Ал политехникалык колледжде окуйт. Ошондой эле кыргыз спутнигин куруу боюнча мектепте окутуучу болуп эмгектенет.
2016-жылы таасирдүү кыз-келиндердин тизмесине Асел Садырова жана Нагира Сарбашова дагы кирген.