Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушунда 4 суткадан бери электр жарыгы жок. Мындай маалыматты "ЭЛДИК КАБАРГА" окурман билдирди.
"Ушундай суук күндөрдө эл аябай кыйналып жатат. Бир нече түтүнгө бир эле көмөк чордон орнотуп коюшкан. Электр приборлорун колдонуудан уламбы, көмөк чордон көтөрө албай, жарык өчүрүлгөн. Айыл өкмөткө кайрылсак, кошумча эки көмок чордон алынганын айтышты. Бирок алар бүгүнкү күнгө чейин орнотула элек. Электр жарыгы жок отурганыбызга бүгүн 4 сутка болот. Ушундай иштердин алдын алып, күн жылуу мезгилде эле орнотуп коюшса болбойт беле..." - дейт окурман.
"Электр жарыгы жок отурган аймактар Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо жаңы конушунун "Е", "Ж" кварталдары" деп кошумчалады окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.