Президент менен мурунку премьер-министрлер жана спикерлер жолукту. Жолугушууда эмне жөнүндө сөз болду?

Бүгүн, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен мурунку премьер-министрлер жана спикерлер жолукту. Жолугушууда эмне жөнүндө сөз болгонун экс-спикерлер SUPER.KG порталына айтып беришти.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Мукар Чолпонбаев жолугушууда саясий туткундарга көңүл буруу тууралуу көп сөз болгонун айтты. "Президент менен жолугушууда Кыргыз мамлекетиндеги бүгүнкү абал жөнүндө кеңешүү болду. Конституциялык реформа өткөрүү керек деген ойлор айтылды. Коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүү сунушталды. Мен коррупцияга каршы күрөш ЖЭБдин тегерегинде эле болуп жатканын айттым. Саясий туткундарга көңүл буруу тууралуу маселе көп айтылды. Аларга мунапыс берүү сунушталды", - дейт Чолпонбаев.

Экс-спикер Ишенбай Кадырбеков жолугушууда депутаттар элдин элегинен өтүп шайланышы керектиги айтылганын билдирди. "Жолугушууга жалпы 21 адам катышып, аларга сүйлөгөнгө, сунуштарын айтканга 7 мүнөт убакыт берилди. Мурунку премьер-министрлер чарба маселелери боюнча көз караштарын айтышты. Ал эми мурдагы төрагалардын айрымдары экономикалык маселелерге токтоло кетти. Кээ бир экс-спикерлер 2020-жылы өтө турган шайлоо тууралуу айтышты. Депутаттарды партиянын лидерлери эмес, эл тандашы керек. Президент сунуштарды угуп, айтылган сунуштар анализденип, карала турганын билдирди. Чечилбей жаткан маселелер боюнча сын-пикирлер дагы болду", - дейт Кадырбеков.

Президент менен жолугушууга барган экс-төрагалар: Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков.
Президент менен жолугушкан мурунку премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Амангелды Муралиев, Феликс Кулов, Азим Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан