Саясий серепчи Марс Сариев: "Позициялар күрөшүндө Атамбаев саясатта жалгыз каларын билип, чабуул жасады"

Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өлкөдөгү саясий кырдаал, өзүнүн ысымы аталган чуулгандуу окуялар тууралуу "Апрель" телеканалына маек берди. Ал өз сөзүндө президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясатын сындап, бийлик Курманбек Бакиевдин жолунда бара жатканын айтты. Дал ушул себептерден улам саясатта каларын белгилеп "Чоң саясатта президент, премьер же спикердин кызматын ээлөө үчүн калбайм. Бийлик Бакиевдин жолуна түшүп кетпөөсү үчүн калам. Башка нерсе менен алек болууну пландагам. Бирок саясатта калууга аргасызмын" деди.

SUPER.KG порталынын "Атамбаев "саясатта калууга аргасызмын" деди. Анын саясатта болгону өлкөдөгү саясый абалга кандай таасир берет?" деген соболуна саясий серепчи Марс Сариев жооп берди.

Анын пикиринде, экс-президенттин саясий былыктарды ачыкташы өлкөдөгү инвестициялык кырдаалга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

"Азыркы жана экс-президенттин тиреши Кыргыз мамлекетине чоң зыян алып келип жатат" деп айтып жатышат. Ички чыр-чатактардын чыгышы, Атамбаевдин Жээнбеков тууралуу былык иштерди айтып чыкканы - дискредитация (атайын иш аракеттер менен ишеничтен чыгаруу). Бирок бул нерсенин пайдалуу жактары да бар. Саясатчылардын былык иштери ачыкталганда тазалануу жүрөт. Экөөнүн тирешинен улам бүгүн Жээнбеков мурунку өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөрдү. Алар менен ынтымакка келүүнүн жолдорун карап жатат. Бул учурда Атамбаев жалгыз калмак. Ал ошону билип туруп чабуул жасады. Азыр позициялар күрөшү, саясий-маалыматтык күрөш болуп жатат. Саясий элитабыз ушундай экени өкүнүчтүү. Бири-бирин чукуганы инвестициялык климатка таасирин тийгизет. "Буга чейин мындай көрүнүштөр болгон эмес. Азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетип жатат" дегени аша чаап кетти. Бакиев учурунда журналисттерди өлтүрүп, саясатчыларды камабады беле. Атамбаевдин саясатта калганы - жеке таарынычы. Ал "Жээнбековду "серый кардинал" болуп башкара берем" деген. Саясатта калса күчү, ресурсу азыраак болуп калат", - деди Сариев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, саясий серепчи Марат Казакбаев, укук коргоочу Рита Карасартова, депутат Акылбек Жапаровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан