Укук коргоочу Рита Карасартова: "Атамбаевдин саясатта калганы жакшы таасир берет"

Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өлкөдөгү саясий кырдаал, өзүнүн ысымы аталган чуулгандуу окуялар тууралуу "Апрель" телеканалына маек берди. Ал өз сөзүндө президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясатын сындап, бийлик Курманбек Бакиевдин жолунда бара жатканын айтты. Дал ушул себептерден улам саясатта каларын белгилеп: "Чоң саясатта президент, премьер же спикердин кызматын ээлөө үчүн калбайм. Бийлик Бакиевдин жолуна түшүп кетпөөсү үчүн калам. Башка нерсе менен алек болууну пландагам. Бирок саясатта калууга аргасызмын", - деди.

SUPER.KG порталынын "Атамбаев "саясатта калууга аргасызмын" деди. Анын саясатта болгону өлкөдөгү саясий абалга кандай таасир берет?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, атаандаштык өнүгүүгө шарт түзөт.

“Атамбаевдин саясатта калганы жакшы таасир берет. Атаандаш бар жерде дайыма өнүгүү болот. Оппозиция жок, жарандык коом оозун ачпаган, Жогорку Кеңеште чөнтөк депутаттар болсо, бийлик өзүм билемдикке өтөт. Атамбаевдин саясатта калганы азыркы бийликти бир жакка ооп кетпегенге жардам берип, тең салмактуулукту кармап турат”, - деди Карасартова.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, саясий серепчилер Марат Казакбаев, Марс Сариев, депутат Акылбек Жапаровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан