Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өлкөдөгү саясий кырдаал, өзүнүн ысымы аталган чуулгандуу окуялар тууралуу "Апрель" телеканалына маек берди. Ал өз сөзүндө президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясатын сындап, бийлик Курманбек Бакиевдин жолунда бара жатканын айтты. Дал ушул себептерден улам саясатта каларын белгилеп: "Чоң саясатта президент, премьер же спикердин кызматын ээлөө үчүн калбайм. Бийлик Бакиевдин жолуна түшүп кетпөөсү үчүн калам. Башка нерсе менен алек болууну пландагам. Бирок саясатта калууга аргасызмын", - деди.
SUPER.KG порталынын "Атамбаев "саясатта калууга аргасызмын" деди. Анын саясатта болгону өлкөдөгү саясый абалга кандай таасир берет?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жооп берди.
"Атамбаев саясатта калса, баарын башынан башташы керек болот. Өзүнүн күчүн сынап көрсүн. Эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок дүйнө жүзүндө президенттик кызматтан кеткен кишилер мемуарын жазып, өзү менен алек болот. Роза Отунбаева сыяктуу элди биримдикке чакырып, ошол тармакта ишмердигин улантса туура болмок. Роза Отунбаеванын жолу башка президенттер үчүн эң туура кадам. Мисалы, АКШнын тарыхында 40тан ашык президент болгон. Алардын баары эле кайра саясатка кайта берсе эмне болмок? Президенттик - бул эң чоң кызмат орду. Ага 6 жыл берилди. Ошол учурда максатынын баарын ишке ашырса болмок. Азыр эми Сооронбай Жээнбековдун доору. Ушинтип бийликке улам башка киши келиши керек. Атамбаевдин бийликти тынч тапшырганына эл ыраазы. Саясатка кайра келем десе, элдин ою өзгөрүшү мүмкүн", - деди ал.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, саясий серепчилер Марат Казакбаев, Марс Сариев, укук коргоочу Рита Карасартованын жообу бул шилтемеде.