Агроном: "Дүйнөдө жок Өзгөн күрүчүнүн нагыз үрөнүн сактап калыш керек. Башка эле күрүчтөрдү боёп алып алдап саткандар бар"

"Өзгөн күрүчү даамы боюнча дүйнөдө 1-орунда, сапаты боюнча 2-орунда турат", - деп сөзүн баштады маектешим, агрономияда 45 жылдык тажрыйбасы бар Адан Көкөзов. Ал Өзгөн күрүчүнүн нагыз үрөнүн сактап калуунун үстүндө эле 20 жылдан бери эмгектенип келет. SUPER.KG порталы Көкөзов менен шалы өстүрүүдөгү өзгөрүүлөр, дыйкандардагы абал тууралуу сүйлөштү.

Агрономдун айтымында, учурда анын "Өзгөн шалы үрөн" деп аталган кооперативи бар. Жалпысынан 14 дыйкан эмгектенген кооперативдин башкы максаты - нагыз өзгөн күрүчүн өстүрүү. Анткени ушул тапта башка өлкөдөн үрөн алып келип өстүрүп, Өзгөн күрүчү деп саткандардын саны арбын. Эгер бул көрүнүш менен күрөшпөсө, Барпы акын баалаган, Кудаяр хан баш болуп тамшанып жеген ал даам жок болуп кетүүсү мүмкүн. Көкөзов бизге адегенде дыйкандар эмнеге муктаж болуп жатканын айтып берди.

БААРЫ КОЛ МЕНЕН ЖАСАЛАТ, ТЕХНИКА ЖОКАдан Көкөзов

- Шалы айдап, түшүм алуу - дыйканчылыктагы эң машакаттуу иштердин бири. Адегенде жерди тегиздеп, төрт чарчы кылып тосуу (бул пал деп аталат), ичине сууну тегиз толтуруу менен баштайсың. Андан кийин үрөн себүү, анын отоо чөбүн алуу, анан оруу, кургатуу, актоо айтор дыйкандын маңдай тери менен гана даяр болчу түшүм. Учурда дыйкандар шалы бышканда кол менен орушат, бул биринчиден убакытты алат, экинчиден күчтү талап кылат. Башка күрүч өстүргөн өлкөлөрдө атайын палга ылайыкталган чакан комбайндар бар экен, биздин дыйкандар да ошондон алып алсак күрүч өстүрүүнүн аянтын коркпой чоңойтот элек. Бирок ал техниканы дыйкан өз алдынча алып келе албайт, бул жаатта министрлик жасай турган иш. Алып келсе сатып алат элек.

Шалыны кургатуу учурунан

ӨЗГӨНДҮН БАЗАРЫНЫН ӨЗҮНДӨГҮ КҮРҮЧТӨРДҮН БААРЫН "ӨЗГӨН КҮРҮЧҮ" ДЕП АЙТА АЛБАЙМ

- Мен Өзгөндүн нагыз күрүчүнүн үрөнү сакталып, жайылышын каалайм. Бирок көптөгөн фермерлер Орусия, Казакстан, Өзбекстан өңдүү өлкөлөрдөн үрөн алып келип өстүрүп, бышканда аны боёп туруп өзгөн күрүчү деп сатышат. Ал күрүчтөр ак түстө, анан узун-узун болот, кыпкызыл кылып боёгондо көрүнүшү жакшы болуп калат, бирок даамы бузулат. Аны алып жеген адам Өзгөн күрүчүнүн даамы деп түшүнүп калат дагы, жакшы эмес пикир пайда болушу мүмкүн. Ал эми нагыз Өзгөн күрүчтүн даны анчалык узун эмес, бирок бышканда өзүнүн көлөмүнөн 2 эсе чоңоёт, өзүнүн күлгүн кызыл түстөгү түсү бар, кыздын бетиндей бир аз кызарып турат. Ага боёктун көп деле кереги жок. Бирок даамы абдан ширелүү, башка күрүчтөрдөн өзгөчө болот. Учурда муну билип калган айрым тургундар той-ашта нагыз Өзгөн күрүчүн издеп калышты. Мен бир иш-чарага Казакстандын Кызыл-Ордо деген жерине барсам, "бизге силерден келип күрүч алып кетип жатышат" дешти. Көрсө, эми жөн эле башка күрүчтөрдү боёп сата башташыптыр. Муну атайын бир көзөмөлдөө органы карашы керек.

ШАЛЫ ӨСТҮРҮҮДӨ ГЕКТАРЫНА 150 МИҢ СОМ ЧЫГЫМ ЖУМШАЛАТ + ЭМГЕК

- Мен биздин кооперативди 2015-жылы түздүм. Күрүч өстүрүүдөгү бардык сырларды билем райондогу дыйкандарга кеп-кеңештерди берип турабыз. Бул жылы 4 гектар жерге шалы өстүрүп, гектарынан 4-5 тоннадан күрүч алдык, бирок жакшы техника болсо аны 6-7 тоннага чейин көтөрсө болот.

Эми эсептеп көрүңүз, шалы өстүрүү үчүн гектарына 150 миң сомдон чыгаша кыласың, анан дыйкандын тоодой эмгеги. Түшүмдү жыйнап алгандан кийин дүңүнөн 50-60 сомдон араң сатабыз. Мындайда дыйкандын эмгеги акталбайт, ар ким өз киндигин өзү кескен заман болуп жатат. Эгер техника алынып келсе, айдоо аянттарды кеңейтсек, биргеликте иштесек, экспорттоо жагы колго алынса дыйкандын тер төгүп иштегенинин акыбети кайтмак. Биз кооператив болгон үчүн 14үбүз биригип ушундай түшүм алдык. Жалгыздап иштеген дыйкандарга 2 эсе кыйын. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарыл.

Мен күрүч фестивалдары өткөн бир нече чет өлкөгө барып келдим, ошондо ар дайым биздин күрүчтүн даамы тууралуу эң сонун пикирлерди угам. Америкада, Швецияда, Орусия, Өзбекстан жана башка жактарда болдум, ал жакта өздөрүнүн күрүчү өсөт, бирок биздин үрөн өспөйт, өссө да өзүбүздө өстүрүлгөндөй даамды бербейт, демек, жараткан бизге аны потенттеп койгон. Туура, эффективдүү колдонолу, бренд катары жайылталы.

САТУУЧУ: "БИР ЭЛЕ ТУРИСТ КАЙРА-КАЙРА КЕЛИП КҮРҮЧ АЛЫП КЕТКЕН УЧУРЛАР БАР"

Жумакан Кочкорова Өзгөн шаарындагы борбордук базарда атайын күрүч сатылган жай бар. Кап-каптап турган бул жерден керектөөчү каалаган күрүчүн таба алат. Сатуучулар "кара кылтырык", "ак урук", "мусо", "Казим", "Чемпион" жана башка сорттогу күрүчтөрдү сунушташат.

Базарда күрүч сатып 20 жылдан бери иштеп келе жаткан Жумакан Кочкорова буларга токтолду: "Өзгөн күрүчүн кимдер гана албайт, туристтерден бери алып кетишет. Ал тургай 3-4 жыл мурун келип күрүч алып кеткен турист кийин кайтып келип күрүч алып кеткен бир нече учур болгон. Өзгөн районунда жашаган тургундар өздөрү тандагандан көп кыйналбайт, ал эми башка облустан келгендерге даярдалуусун, канча суу кошуу керектигин айтып, түшүндүрүп берип турабыз. Үйдө байма-бай палоо жасап турабыз, ансыз болбойт да. Күрүчтүн баасы сортуна жараша 90 сомдон баштап 120 сомго чейин сатылат", - деди ал.

Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, Өзгөн районунда орто эсеп менен жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта күрүч айдалат. Өткөн жылы бул көрсөткүч 2 миң 870 гектар болсо, 2016-жылы 2 миң 249 гектарга айдалган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kama_future_millioner
2018-11-25 14:37:07
Өзгөн күрчүнөн аш жегенда арманда, жебеген да арманда
+6
Medina87
2018-11-25 15:36:24
КРга жоногон жердештерден ар дайым Озгон куручун алдыртам. Казак подружкаларым да заказ кылышат, алар да Озгон куручун баалап мактап жешет.
+1
Aikaaaa
2018-11-25 18:13:03
Техника деп мамлекетти карабай, кооператив өзүлөрү сатып алса болбойбу. Кредитке деле берип атат го техниканы көп жылдык кылып. Азыр көптөгөн дыйкан чарбалар өзүлөрүнө керектүү техниканы өзүлөрү сатып алышат го. Министрлик алып бергенин көрөлекмин. Анан эле айыл өкмөттөр ошону көрсөтүп, видеого тарттырып, отчёт берип калышат
0
Nurkyz1977
2018-11-25 18:56:27
Чыныгы озгон куручту кайдан жана кантип тандап алса болот,билгендер айтып койгулачы. Азыр лазер куруч жакшы деп ошону алып жеп атабыз го.
+2
kriss120
2018-11-26 07:53:56
Nurkyz1977,Кара кылтырык деген сорту бар ошол ее жакшысы анан ото даамдуу.
+1
Syimyk.isaev
2018-11-25 22:09:26
Өзгөн күрүчүнө эч бир күрүч жетпейт чынында! Шилекейиңди агызатко! Эх палдын ичинде куруч (шалы) оргон күндөрдү сагындым...
+2
almanbetperm
2018-11-25 22:55:05
Озгондун Кызыл сениринен тапсанар болот
0
almanbetperm
2018-11-25 22:56:17
Ошончолук бааласанар акжубаздын озуно барсанарда болот
0
almanbetperm
2018-11-25 22:56:35
Корозунан тандап аласынар
0
Busi06
2018-11-26 02:42:02
Эххе Баткендин жайдары гуручун билбейсинерби? 130дан Озгон гуручу жолдо калат Ашыны жебегендер арманда..
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан