Түштүк Суданда үй-бүлө 17 жаштагы кызын фейсбукта аукционго коюп, 500 уй, 3 унаа жана 7 миң 500 фунт стерлинг сунуштаган адамга турмушка узатты.
Чет элдик ЖМКлардын 20-ноябрда жарыялаган маалыматына караганда, кызды сатыкка койгон аукционго жалпы 6 эркек киши катышкан. Алардын арасында жергиликтүү бийликтин кызмат адамдары да болушкан. Тактап айтканда, Түштүк Судандын штаттарынын бириндеги губернатордун орун басары Дэвид Майом Риак кызды сатып алуу үчүн 250 уй сунуштаган. Бирок жергиликтүү Кок Алат деген ишкер 500 уй, 3 унаа жана 7 миң 500 фунт стерлинг сунуштап кызды утуп алган.
Кыздын аукционго коюлган учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган британиялык басылмалардын маалыматына караганда, аны утуп алган ишкердин мындан башка дагы 9 аялы бар.
Кыздын аукциондо сатылган окуясы талкууга алынып баштаганда гана фейсбук социалдык түйүнү бардык маалыматтарды өчүрүп салган.