Украинада мектепке картошка калдырканын жана катырак нан сатууга тыюу салынды

Украинанын борбор шаары Киевде мектептерде картошка калдырканын (чипсы) жана жаңак сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, парламент аталган мыйзамды өлкөнүн бардык аймактарына жайылтууну пландоодо.
"Тыюу салынган тамактардын арасында катырак нан, картошканын калдырканы (чипсы) жана туздалган жер жаңак бар. Ден соолукка зыяндуу тамактар 16 жашка чыга электерге сатылбайт", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, буга чейин окумуштуулар аталган тамактар балдардын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизерин далилдешкен. Адистердин айтымында, катырак нан жана картошканын калдырканын көп жеген балдар тиш, жүрөк ооруларына кабылып, кан басымына маселелер жаралышы мүмкүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond
2018-11-21 10:03:04
Жаңгак эмеспи.
+2
aidinaernur
2018-11-21 10:05:59
Жакшы саамалык экен
Бизде тыю сала албай калды го
+1
Dembele84
2018-11-21 10:36:28
Картошка калдырканы-? Жакшы ойлоп тааптыр)))
+1
Munar92
2018-11-21 12:10:32
Ии жакшыгоо
0
Flowhive
2018-11-21 12:36:22
Эң туура
0
Rifle_I
2018-11-21 12:51:45
Бизде кытайдын мусорун дагы сатса боло берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан