Бүгүн, 21-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.
Парламент өлкөнүн "Аба кодексине" өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоорун 2-окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү. Мыйзамдын максаты - өлкөдө "ачык асман" режимин ишке киргизүү. Тагыраагы, чет элдик авиакомпаниялардын учактарына Кыргыз аба майдандарына конуп, башка өлкөгө учуп кетүүсүнө уруксат берүү.
Авторлор "ачык асман" режими жергиликтүү жана чет элдик авиакомпаниялар ортосунда атаандаштык жаратат, жүргүнчүлөрдүн сыртка коопсуз, арзан баада учуусуна шарт түзөт деп жатышат. Демилгечилер "ачык асман" режими иштесе, чет өлкөгө авиабилеттердин баасы 15 пайыздан 40 пайызга чейин арзандап, АКШдан, Европа өлкөлөрүнөн Кыргыз жерине түз учуп келген туристтердин саны өсөт деген ишеничте. Мыйзамга каршы депутаттар дагы бар. Алар "ачык асман" режими ишке кирсе, жергиликтүү авиакомпаниялардын иши кыйындап, банкрот болушу мүмкүн дешет. Депутат Улукбек Ормонов жергиликтүү авиакомпаниялар негизги кирешесин эл аралык каттамдардан таба турганын, "ачык асман" режими кирсе жүргүнчүлөр арзан баада чет элдик авиакомпаниялардын учактары аркылуу учуп, биздеги компаниялар ишин токтотушу мүмкүн дейт. Жергиликтүү авиакомпаниялар жарандардын арзан жана сапаттуу учактар аркылуу учуусуна жасалма түрдө тоскоолдук коюу менен өнүксө ушунча жылдан бери өнүкмөк. Тескерисинче, жергиликтүү авиакомпаниялардын учактары улам бир учууда авариялык абалда аргасыз конуп, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч келтирип жаткан чагы. Депутат Акылбек Жапаров "ачык асман" режимин киргизүү менен бирге жергиликтүү аба компанияларына салык жактан жеӊилдик берип, алардын ишине шарт түзүп койсо болот дейт. Буга чейин депутат Абдывахап Нурбаев жергиликтүү авиакомпаниялар монополист болуп алганын, "ачык асман" режимин ишке киргизүүгө каршы экендиктерин айтып чыккан. Депутат Каныбек Иманалиев "жергиликтүү авиакомпаниялар банкрот болот" дегендерге жакшы салыштыруу менен жооп берди. "Мурда "Кыргыз мунай" деген монополист компания бар эле. Аны көчөдө чакалап бензин сатып жүргөндөр эле банкрот кылышты. Башкысы - өлкөдө бензин тартыштыгы жоюлду. Бизге 2 авиакомпаниянын эмес, 2 миллион жүргүнчүнүн кызыкчылыгы жогору болушу керек", - деди Иманалиев. Башкы маселе – жарандардын арзан жана коопсуз учууларына шарт түзүү. Жергиликтүү авиакомпаниялар Кыргыз асманын ээлеп алган, ички каттамдарга билет баалары кымбат. Депутаттар билетти арзандатууну 1,5 жылдан бери талап кылып, бирок жыйынтык чыгара алышкан жок. Өкмөт "бааларды тескөөгө акыбыз жок" деп алакан жайып келет. Демек, "ачык асман" режимин киргизүү менен эркин атаандаштыкка шарт түзүп, абалды өзгөртүшү керек...
Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан өлкөгө кайтып келди. Ал 24-ноябрда Бишкекте өтүүчү саясий күчтөрдүн курултайына катышмакчы.
Экс-элчи буга чейин элчи кызматында иштеп жүрүп ТИМдеги коррупциялык иштер боюнча кабар тапканын, ал тууралуу тийиштүү мамлекеттик мекемелерге, атүгүл президенттик аппаратка кайрылуусунан майнап чыкпаганын, өлкө башчысына жеткирүү үчүн пресса аркылуу кайрылуу жолу гана калганын айтып маалымат жыйын берген. Президент элчинин айткандары боюнча иликтөө жүргүзүүнү Коопсуздук кеңешине тапшырган. Коопсуздук кеңеши иликтөөдө элчи айткан маалыматтар аныкталды деп моюндап, бирок ал аныкталган коррупциялык схемалар, ага тийиштүү кызматкерлер тууралуу бир ооз маалымат бербей, тескерисинче, Кылычбек Султанды кайсы бир иштерге айыптаганга аракет кылган. Мындан улам экс-элчи азыркы бийлик коррупцияга каршы күрөшкөн түр эле көрсөтүп, иш жүзүндө саясий шоу уюштуруп жатканын айтып чыккан. Ал чет өлкөдөн баш паанек сураганын жарыялаган эле. Кечээ жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде Кылычбек Султан эч бир өлкөдөн баш паанек сурабаганын, башпаанек тууралуу билдирүүсү бийликтин көӊүлүн ал көтөрүп чыккан маселенин олуттуу экенине буруу үчүн гана жасалганын айтат. "Менин ал билдирүүм бийликке алардын адилетсиз чечимдери айрым адамдар үчүн эмне менен аякташы мүмкүн экенин көрсөтүүгө багытталган. Дипмиссиядагы коррупция жөнүндө билдирүүлөрүмдүн ишенимдүү жана олуттуу экенин Сооронбай Жээнбековго дагы бир жолу көрсөтүү эле", - деди мурдагы элчи. Ошондой эле президент Жээнбековдун акыркы маегин окуган соӊ өзүндө чынчыл адам катары президент өлкөнүн келечеги жана реформа үчүн сын угууга даяр деген үмүт жаралганын белгилейт. Президентке көзмө-көз жолугуп, ТИМ системиндеги коррупциялык фактылар тууралуу айтып берүү оюнан дале кайта электигин да билдирди. Курултайда Кылычбек Султан өзү көтөрүп чыккан иштер, андан улам келип чыккан окуя боюнча сөз кылат деп күткөндөр болууда. Мурдагы элчи жыйында сөз сүйлөйбү, сүйлөбөйбү белгисиз. Болгону ал курултайдын өтүшү туура экенин, анткени өлкөдөгү курч көйгөйлөрдү көтөрүүгө тийиш болгон Жогорку Кеӊеш өз милдетин аткара албай жатканын айтат. Элчи ушул себептүү өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес жарандар курултай аркылуу бийликке көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди жеткирүүгө аракет кылууга аргасыз деген ойдо...
Парламентте "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко маалымат жыйын өткөрүштү. Тема - Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо.
Иманалиев Текебаевдин ишин кайра кароого 5 негиз бар экенин айтат. Мисалы, 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү жаӊы Кылмыш-жаза кодекстери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Текебаевдин иши боюнча билдирүүсү. Ошондой эле ЕККУ, адам укуктары жаатында эл аралык уюмдардын билдирүүлөрү Текебаевдин ишин кайра кароого түрткү болушу керек дейт. Жакындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев "Текебаевди каматпай койсом деле болмок" деген. Бул сөз коомчулукта "Атамбаев Текебаевди соттоодо тийиштүү органдарды өзү башкарып, тапшырма берип турган" деп кабыл алынды.
Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясы Текебаевдин ишин кайра кароо үчүн президентке, Башкы прокуратурага кат жибергенин билдирди. "Биз кылмыш иши жаӊы жагдайлардан улам кайра каралышын талап кылабыз. Текебаев президентке кайрылып ырайым сурабайт. Эгер президент мыйзам чегинде иштесе, Текебаевдин эркиндикке чыгышы президентке кооптуу эмес", - дейт Шыкмаматов. Парламентте "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс", "Республика-Ата Журт" фракциясынын айрым депутаттары быйыл май айында да Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароого негиз бар экенин айтып Башкы прокуратурага кайрылышкан. Бирок Башкы прокуратура "негиз жок" деп ишти кайра кароодон баш тарткан. Бүгүн парламент депутаттары Маевскийдин кармалышы боюнча парламент реакция кылышы керектигин, керек болсо депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап чыгышты. Вице-спикер Асел Кодуранова комиссия түзүү үчүн комитеттердин жана фракциялардын чечими болушу керектигин эскертти. Комитет жана фракциялар буга макулдук береби, жокпу белгисиз. Адвокат Таалайгүл Токтакунова "мындан аркы кадамдарды Өмүрбек Текебаев менен кеӊешкен соӊ жарыялайбыз" деген. Камактагы Текебаев болсо президенттен ырайым сурап, мунапыс аркылуу эркиндикке чыгууга аракет кылбай турганын, соттон акталып чыгуу үчүн аягына чейин турарын дагы бир жолу эскертти...