Чүйдө бет капчан белгисиз жарандар үйгө кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салып, окуя болгон жерден качып кетишкен

Чүй облусунун Дөң-Арык айылында 1 үй-бүлөгө кол салуу болуп, атасы жана апасы, уулу оор жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрда болгон. Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө Дөӊ-Арык айылындагы үй-бүлөгө кол салуу болгону тууралуу кабар болжол менен саат 03:55 чамасында түшкөн. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу барып, окуянын чоо-жайын такташкан.

"Саат 03:00 чамасында 3 азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы адамдар медициналык бет каптарды кийип, 35 жаштагы Б.А. аттуу жарандын үйүнө киришкен. Алар үй ээсине жана анын үй-бүлөсүнө кол салышкан. Бирок үйдөн эч нерсе албай, из жашырып кетишкен. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кылмышка шектүү жарандарды издөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rembo2018
2018-11-23 16:15:43
Былтыр мен стройкада иштеп.прорабыбыз акчаларыбызды бербей качып кетип.аны таппай калганбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан