Дүйнө жүзүндө өспүрүмдөрдү өлүмгө жетелеген "Fire Challenge" оюну кеңири жайылууда

Дүйнө жүзүндө өспүрүмдөрдү өлүмгө жетелеген "Fire Challenge" оюну кеңири жайылууда. Бул тууралуу британиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Британиянын шаарларында дарыгерлер социалдык тармактарда кеңири жайылып жаткан "Fire Challenge" (оттуу кезек) оюнунун айынан көптөгөн өспүрүмдөр ар кандай жаракаттарды алып ооруканага түшүп жатканын айтып чыгышкан.

"Fire Challenge" - аталган оюнда оюнчу өзүнүн денесине ар кандай күйүүчү каражаттарды куюп, андан соң күйгүзүп жиберип бардыгын видео тасмага түшүрөт. Андан кийин атайын хэштег менен социалдык тармактагы баракчасына жарыялайт.

Адистердин айтымында, ушул сындуу оюндардын жардамы менен өспүрүмдөр өздөрү тууралуу жар салып, таанылгысы келет. Бул оюндардын кесепетинен дүйнө жүзүндө ондогон өспүрүмдөр көз жумган.

Буга чейин "Синий кит", "Момо" оюндары көптөгөн талкууларды жараткан. Оюндарды жүргүзүү эрежелери бирдей эле, анда өспүрүмдөр менен байланышкан оюндун жүргүзүүчүлөрү аз убакыттын ичинде алар тууралуу маалымат чогултушуп, коркутууга өтүшөт. Эгерде өспүрүм берилген тапшырмаларды аткаруудан баш тартса алар жакындарына зыян келтирерин айтып коркутушат.





"Fire Challenge" оюну
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Benazir08
2018-11-22 13:38:22
Шармандааа
-2
tynara81
2018-11-22 16:08:38
Өспүрүмгө окшобойт го сүрөттөгү киши. Курсактуу киши го
-1
Dembele84
2018-11-22 16:26:29
Силер да копчулук мындай нерсени билбеген кыргыздарга да билгизип коюпсунар да реклама кылып.Ушудан кийин кэээ бир ою жоктор ушуну кайталап озун орттобойт деп ким кепилдик бере алат?...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан