Мадумаров: "Бийлик элдин ишенимин кайтармайынча программаны алтын тамга менен жазса да эч качан ишке ашпайт"

Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен жолукту. Анда экс-спикер Адахан Мадумаров бийлик элдин ишенимин кайтармайынча программаны алтын тамга менен жазса да эч качан ишке ашпайт деген пикирин айтты.

"Бүгүнкү жыйын чарбалык маселеге, өкмөттүн ар жумада өткөн чогулушуна айланып жатат. Биз концептуалдык маселени карашыбыз керек. Ар кандай программаларды айтабыз, Аскар Акаевич, Курманбек Салиевичтин андан кийинки президенттердин бардыгы ушундай керемет программаларды айткан. Ушул жерде ошол программаларды ишке ашырабыз деген өкмөт башчылар, колдоп берген депутаттар отурат.

Кечинде КТРКдан "биз сизди колдойбуз, баары жакшы болуп жатат, чакырганыңызга рахмат, туулган күнүңүз кут болсун" деген гана пикирлер көрсөтүлөт. Анан силерге эл ишенеби? Кандай программа болбосун бүгүнкү күндө негизги маселе - бул элдин бийликке болгон ишенимин кайтаруу. Эл менен сүйлөшкүлө, милицияңарга, сотуңарга эл ишенеби? Жок ишенбейт. Бул программа ким үчүн жасалды? Элдин ишенимин таза шайлоолорду өткөргөндө кайтарабыз. Жогорку Кеңеште отурган ар бир депутаттын баасы 6 миллион сом, алар элдин добушун алып келдиби? Алар акчаны таразага салып келди. Ошондуктан Жогорку Кеңеште бир дагы акын, жазуучу же профессор жок. Бүт базардан чыккандар келди. Ушулар мыйзам жазабы? Мен дагы сиздердей болуп мактай алам, бирок ачуу чындык кымбат турат. Шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш бердик. Аны караган эч ким жок. Анткени аны караганга баш керек. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш биржа, өкмөттү колдоп бер десе колдоп берет, кетир десе кетирет. Биз Аскар Акаевичтин мезгилинде чөнтөк парламент болуп калды деп нааразы болуп жүрүптүрбүз. Анда биз ар бир министрди өткөрбөй койчубуз. Бүгүн болсо өкмөт башчыларынан баштап вице-премьердин бирин дагы тааныбайбыз.

Ушул жерде отургандар кечээ кеткен кишини үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган деп бата берип кетиргенсиңер, эми шыбап жамандап жатасынар", - деди Мадумаров.

Адахан Мадумаровдун президент менен болгон жолугушууда сүйлөгөн сөзү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан