Германиянын "Bündnis Entwicklung Hilft" коому табигый кырсыктардын кесепетинен эң көп адам өлүмү катталган планетанын бөлүктөрүн атады. Бул дүйнөлүк рейтингди Der Spiegel журналы жарыялап чыккан.
Жер шарындагы табигый кырсыктардан улам эң коркунучтуу жерлер деп Тынч океанда жайгашкан Вануату жана Тонга аралдары саналган. Аталган аймактарга коркунуч алып келген бул суу ташкыны жана катуу шамал болуп саналат. Ушундай эле коркунуч менен катар вулкандар жана жер көчкүлөр коркунучу жаралып келген жай - Филиппин аталды.
Мындай жерлердин кийинки саптарында Борбордук Америка, Батыш жана Борбордук Африка, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү да кирет. Мындан тышкары океан жээктеп жайгашкан башка өлкөлөр да тизмеде бар.
"Коопсуздукту камсыздоо үчүн өлкөлөрдүн инфраструктурасы да чоң мааниге ээ. Мисалы, табигый кырсык жана апаат катталган аймактарда элди дароо эвакуациялоо, кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу жана куткаруу кызматынын жабдыктары мыкты болуп тез куткарганга мүмкүнчүлүгү аз өлкөлөрдө да адам өлүүнүн саны көбөйүп кетиши ыктымал", - деп жазылат аталган коомдун докладында.
Кошумчалай кетсек, буга чейин International SOS саламаттыкты сактоо жана коопсуздук уюмунун адистери Ливия, Афганистан, Сомали, Сирия, Йемен, Мали жана Түштүк Суданды 2019-жылкы туризм үчүн туристтерге коркунучтуу өлкөлөр деп атаган.