Президент менен жолугушууда саясий өңүттө камалган чиновниктерди тез арада чыгаруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда саясатчы Адахан Мадумаров билдирди.
"Саясий өңүттө камалгандардын маселеси Жаңы жылга чейин чечилүүсү керек. Жалаа жабуу менен камалгандарга жоомарттык кылынышы шарт. Мындан тышкары сот реформасы Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл деп көпчүлүк киши айтты.
КТРК президент менен жолукканда менин айткан сөзүмдү эл уктагандан кийин берди. Качанкыга чейин коркуп жашайбыз. Тышкы жана ички саясатты аныктай турган кожоюну жок өлкө болуп калдык", - деген нааразычылыгын билдирди.
Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолуккан.