"Ачык асманга" багытталган долбоор кабыл алынса, жергиликтүү авиакомпанияларга колдоо көрсөтүү боюнча да мыйзам жазабыз". Мындай пикирин депутат Жанар Акаев 21-ноябрдагы парламент жыйынында билдирди.
Акаев бул долбоор боюнча премьер-министрдин да позициясы такталганын кошумчалады.
“Эл бул мыйзамдын кабыл алынышын күтүп жатат. Биз жергиликтүү авиакомпанияларга да кам көрүүнү пландап жатабыз. Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен сүйлөштүк. Ал да макул болду. Азыр мындай прогрессивдүү мыйзамдарды колдоп беришибиз керек. Канча турист келсе, ошончо көп каражат өлкөдө калат”, - деди Акаев.
Учурда Жогорку Кеңеште Аба кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор талкууланып жатат.