Апасынын кеңешине кулак түргөн АКШлык жаран лотереядан 4 миллион доллар утуп алды

АКШнын Түндүк Каролина штатынын жашоочусу Шелби Трипп апасынын айткан кеңешин угуп, лотереядан 4 миллион доллар утуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, алгач Трипптин апасы Хеллоуин майрамынан кийин лотерея билетин сатып алып 500 доллар утуп алган. Андан соң кызына чалып ал да лотерея билетин алып көрүшү керектигин жана утушка ээ болорун айткан.

"Билетти сатып алган соң ал жөнүндө унутуп калыптырмын. Үй жумуштары менен алек болуп жүрүп кечке маал гана колума алдым. Алгач андагы сандарды көргөндө утушка ээ болгонума ишенген жокмун. Апам да билетимди карап көрүп чындап эле 4 миллион доллар утуп алганымды сүйүнчүлөдү", - деп билдирген Трипп.

Утуп алган акчасын Шелби апасынын ипотекага алган үйүнүн акысын төлөп, андан соң үйдүн ичине апасы кыялдангандай оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Umakg
2018-11-22 10:28:08
Баарыбызга буйрусун ушундай лотерея ошолордун катарында магада иншаллах
+7
nurkojo
2018-11-22 23:52:22
Umakg, Шарият боюнча маалымат болсо силерде, анда шарият лотерияны колдобойт!
-1
Benazir08
2018-11-22 11:12:59
Мынча жакшы. Бизде тууган уругуна эле лотереяны берип коюшат го
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан