Белгилүү модель Ким Кардашьян жана анын жолдошу Калифорниядагы өрттөн жабыркагандарга 500 миң доллар акча которду

Голливуд жылдызы, алып баруучу, модель Ким Кардашьян жана анын жолдошу, рэпер Канье Уэст Калифорниядагы токойдон чыккан өрттөн жабыркагандарга ири суммадагы акча каражатын которду.

Бул тууралуу Ким Кардашьян "Эллен Дедженерестин шоусуна" эфирге келгенде билдирген. "Жолдошум Канье Уэст өзүнүн "Yeezy" жана "Adidas" бренддеринин атынан жабыр тарткандарга 200 миң доллар бөлүп берген. Биз үй-бүлөбүздүн атынан дагы жардам берген фондго 200 миң доллар котордук", - деген ал.

Мындан тышкары Кардашьян үйү толугу менен күйүп кеткен жаш жубайларга 100 миң доллар которгонун кошумчалаган.

Буга чейин Голливуд жылдызы кырсыктан улам Калифорниядагы үйүн таштап, үй-бүлөсү менен коопсуз аймакка эвакуацияланган. Өрт белгилүү түгөйлөрдүн үйүнө жакындап калганда алар кошумча өрт өчүрүүчүлөрдү жалдап, үйүн сактап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RusMos76
2018-11-22 13:01:36
Азаматсынар!
+1
Benazir08
2018-11-22 13:43:16
Мынча жакшы
0
maratbek88.88
2018-11-22 14:30:02
Калифорния да жашагандар начало турмушта жашайтургандай алардын страхования сы деле бар андан Коро башка начар өлкөдөгүлөргө жардам берсин
0
Aikaaaa
2018-11-22 20:51:03
maratbek88.88, булар милдеттүү эмес да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан