
Британиялык окумуштуулар онкологиялык оорулар менен күрөшүү үчүн универсалдуу каражатты аташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, окумуштуулар ачкан каражат - бул кумшекерди алмаштыруучу манноза заты. Манноза ашыкча салмактан арылууга гана жардам бербестен, шишиктердин өсүшүн басаңдатып, химиотерапиянын таасирдүүлүгүн күчөтөт.
"Залалдуу шишик клеткалары көп сандагы глюкозаны колдонот. Ал эми маннозаны алар иштеп чыга алышпайт. Натыйжада бул затты колдонгондо рак клеткалары көбөйүүсүн токтотуп, шишик өспөй калат. Ал эми нормалдуу клеткалар керектүү заттарды ала беришет", - деп жазылат маалыматта.
Бирок окумуштуулар рак оорусунан жабыр тарткан адамдардан маннозаны өз алдынча колдонбоону өтүнүшөт. Азыркы тапта изилдөөлөр аягына чыга элек.