Авариядан улам Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы айрым үйлөргө жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чыгыш-5 кичи районундагы үйлөргө жылуулук өткөрүүчү түтүктөр жарылган. Мунун кесепетинен кичи райондогу 15 көп кабаттуу үйгө жылуулук жана ысык суу берилүү токтотулду.
"Азыркы учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кечке чейин ысык суу жана жылуулук бериле баштайт", - деди басма сөз катчы.