20 жыл аралыгында Кытай менен Кыргыз мамлекетинин бажы статистикасындагы айырмачылык 50 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу Regnum басылмасы жазды.
Анда акыркы 20 жыл аралыгында, тактап айтканда, 2001-2017-жылдардагы Кыргыз мамлекетинин импорт жана экспорт боюнча бажы статистикалары Кытайдын статистикалык маалыматтары менен салыштырылганы айтылат.
"Белгилүү болгондой, Кыргыз бажысы 20 жыл ичиндеги Кытайдан келген товарлардын жалпы суммасы 11,64 миллиард доллар деп көрсөткөн. Ал эми Кытай бажысынын маалыматында Кыргыз тарапка 61,667 миллиард долларга товар жөнөтүлгөнү айтылат. Айырмачылык 50 миллиард долларды түзөт. Муну эсептөөлөрдөн чыккан айырмачылыкка киргизүүгө болбойт. Бул башка мамлекеттерге кетип жаткан аткезчилик. Мындай көрсөткүч Кыргыз мамлекетиндеги элитанын аткезчиликтен миллиард долларлаган кирешеси бар дегенди түшүндүрөт. Ушул жерден жарды өлкөдө байлардын саны көп болгонун көрүүгө болот. Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБде болушу менен аткезчиликтин айынан Казакстан тараптын нааразычылыгы күчөшү мүмкүн", - деп жазат аталган басылма.