24-ноябрда өтө турган курултайда төрт доклад жасалат. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда маалымат жыйында курултайдын уюштуруу комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.
"Биринчи докладда президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишине баа берүү берилет. Ал жерде бир гана жакшы иштерин эмес, кетирген катачылыктары тууралуу дагы сөз болот. Экинчи докладда парламент менен өкмөттүн ишинин жүрүшү жөнүндө айтылат. Үчүнчү докладда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекетти башкарып тургандагы 6 жылдык мөөнөтүнө саясий баа берилет. Төртүнчүдө "Кыргыз мамлекети эртең" деген аталышта доклад жасалат", - дейт Дүйшөбаев.