Казакстанда сатуучусу жок дүкөн ачылды

Казакстандын Шымкент шаарында сатуучусу жок дүкөн ачылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, дүкөн жогорку окуу жайларынын биринде ачылган. Дүкөндүн кардарлары керектүү нерселерди алган соң, атайын даярдалган кутуларга акчасын таштап кетет.

"Бул жерде көнүп калган сатуучулардын ордуна атайын кутулар коюлду. Кардарлар акчасын кутуга салып, кайтарым акчасын эсептеп алып кете берсе болот. Эч кандай кароолчу дагы жок. Бул идеяны биз студенттерди туура жолго тарбиялоо максатында ишке ашырып жатабыз. Мындай дүкөндөн соода кылуу жаштардын келечекте жакшы инсан болуп калыптануусуна түрткү болот деп үмүттөнөбүз", - деп билдирген уюштуруучулардын бири.

Мындай дүкөндөр Шымкент шаарындагы бардык окуу жайларда ачылары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Merelisha
2018-11-22 16:17:23
Сонун го ай..
+1
Fortuna1987
2018-11-22 16:23:22
Жашоо малина болсо болот. Дукон озун озу актабай баштаганда, бир эмес эки сатуучудан коюшат)))
+3
Sagyn.91
2018-11-22 16:33:39
Кепилдик бербейт эчким, уурдабайт деп.
+3
Samar90
2018-11-22 16:42:03
Бишкекте да ушундай ачылса фундаменттин да урдап кетишсе керекта
+10
Rembo2018
2018-11-22 17:21:39
Барып тоноп кетсемби ыя:-D
+2
Umakg
2018-11-22 17:37:30
Бизде ачылса менделе алып керек нерсени акысын берип кетет элем
+5
Benazir08
2018-11-22 17:47:07
Эми кара курсакка аш болсун деп уурдашпай эле жешсе керек бизге деле ачып коюшсун. Мисалы бааларын жазып порция порция кылып койсо алып жешет да тазалыкты башканы да уйронобуз
+2
ady-88
2018-11-22 18:41:16
Технология жетишкени менен биз жетише элекбизго дейм
+2
Kroxa
2018-11-22 22:30:55
Кытайда ошондой магазинден соода кыласын..камера турат бакыйып эмне алып эмне салып атканын отпечатка калат кармаган нерселеринде уурулукка жол жок..уурдасан манжаларындан айрыласын...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан