СУПЕРСТАН: "Көп нерсе айткым келди, бирок сенден да жакын, кымбат адамдарымды капа кылып алуудан корком..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күндөлүк..." деген тема талкууга алынган.

Автор: "Интернетте отурган форумчу ошол учурда же ошол күнү эмне кылып жатат, же эмне кылды? Же болбосо айланасында эмне болуп жатат? Ошону сүрөттөп берүүсү керек. Мен баштап берейин анда.

Күнгө дүйшөмбү. 4-декабрь саат 21:00. Түнкү Бишкек. Сыртта кар жаап жатат. Бирок калың деле эмес, учкундап... Интернет клубдун ичинде мени менен кошо 14 адам отурат. Кээ бири оюн ойноп, бирөөсү ар кандай сайттарга кирсе, калгандары реферат жазып жатат. А мен болсо форумга жаңы тема ачып жатам", - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Бүгүн шейшемби, 25-декабрь саат 09:46. Эшикте күн суук, калың кар. Бирөөнү эстеп, күтүп отурам. "Дегеле күчтүү жаралганмынбы?" деп ойлонуп кетем. Жаңы эле курсакты тойгуздум. Уюлдук телефонума бирөөлөр маяк берип жатышат. Бүгүн, Кудай буюрса, вокал сабагына барам. Студияга барыш керек. Ошентип эле күнүм өтүп кетет".

- "Бүгүн, 25-декабрь саат 10:32 болду. Эртеңки күндү ойлоп отурам жана бирөөнү абдан сагынып..."

- "Бүгүн 25-декабрь, Эшикте кар сонун болуп жаап жатат. Ушундай аба ырайын көргөндө аябай сүйүнөм.
Азыр университетте отурам. Мен дагы бирөөнү сагынып, көргүм келди. Бүгүн романтиктердин күнү окшойт".

- "Жашоо керемет... Баары өз нугунда жүрүп жатат. Саат 16:07 өттү, 9-январь, 2008 жыл. Саат жебеси тык-тык этип жайдан өткөнсүйт, бирок карап турсаң жашоонун бир бөлүгү болсо дагы өтүп жатат... Убакыт аз, өмүр бир келет. Ошол эле убакта баарына жетишели... Баарыбыз бактылуу бололу, Кудайдан тилегеним аман болсок, кийинки жылы дагы форумда болсом, азыркы ойлоп отурган нерселерди эске түшүрөлү..."

- "Эх, эскерүү! Бул күндү соонун маанайда өткөрчү элек го учурунда? Көп нерсе айткым келди, бирок азыркы учурда сенден да жакын болгон, кымбат адамдарымды капа кылып алуудан корком. Балким, бул коркуу сезими жакшылыкка? Туулган күнүң менен".

- "Мен сени сагынсам денемдин баары ооруп түтөп барат да, сенсиз дүйнө жалынга айланып турган турпатымды жалындатып барат. Сени менен байланышпасам жашоом токтоп калчудай".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aima94
2018-11-29 14:01:09
Сени сагындым. Көргүм келет.... Бирооок.... 6 жылдан кийин эмне деп айтам??? Сени издеп, жытынды сагындым десем: адатынча каткырасын, кучактайсынбы же кадамыны артка таштап терс бурулуп кетесинби???? Менин биринчи сүйүүм... Таалай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан