Соттук отурумда Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Бурулай Турдали кызы ички иштер бөлүмүнө бут кийимсиз келгенин айтты

Бүгүн, 22-ноябрда милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум улантылды. Анда Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Нурбек Эсенгулов күбө катары суралып, Бурулай РИИБге алынып келгенде бут кийими жок болгонун айтты.

Анын билдирүүсүндө, Бурулай Турдали кызы милиция кызматкерлеринен жардам сураган эмес.

"Мен РИИБде ошол түнү нөөмөттө болчумун. Бизге алгач "ала качуу" болгону айтылды. Бир аздан соң, түнкү саат 12:00 чамасында жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан ак түстөгү унаа менен Бурулай, Марс жана анын досу алып келинди. Бурулайдын буту жылаңайлак болгондуктан, "бут кийимиң кайда?" деп сурасам "мени ала качышкан жерде калып калды" деп жооп берди.

Бирок кызда кандайдыр бир коркуу сезимдери болуп жатканы байкалган эмес. Биз кызды алып кирип жарандарды кабыл алуу бөлмөсүнө киргиздик. Андан кийин иштеримди аткарып бүтүп, уктаганга кабинетке келип төшөгүмдү салып жатсам, Жол кыймылынын кызматкери телефонумду Бурулайдан алып келип берчи деп калды. Мен кыз отурган бөлмөгө барсам, ал атасы менен сүйлөшүп жаткан экен, бир аздан кийин эле мага телефонду берди. Мен кайра телефонду алып, Жол кыймылынын кызматкерине бердим. Андан кийин жатып алдым. Канча уктаганымды билбейм, бир кезде мени ойготушту. Турсам, ызы-чуу болуп жатышыптыр. Чуркап чыксам эле жарандарды кабыл алуу бөлмөсүнөн Бурулайды кан болгон абалда эки кызматкер көтөрүп эшикке чыгып баратыптыр. Кайра ал бөлмөгө кирсем, курсагы кан болуп, Марс жерде жатыптыр. Ичин ачып карасам ичинде тешик бар болчу. Ал эми Марстын бутунун ылдый жагында кан болгон ак түстөгү бычак жаткан. Мен ал бычакты ары тээп салдым, ошол замат "Тез жардам" кызматы келип, Марсты алып кетишти", - деди ал.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Totyua.71.
2018-11-22 20:30:08
Марс жонундо кабар деле жок го..
-1
Nuri1988Elim2010
2018-11-22 20:51:48
Ой атасы келгенче олгон деп айтышпады беле
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан