Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялаган. Коомчулукта талкуу жараткан маалыматты президенттин басма сөз кызматы жалган деп четке каккан. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрдагы маегинде "бул реалдуу документ, анда реалдуу адамдардын аттары аталып, реалдуу цифралар жазылган" деп билдирди.
Экс-президенттин маегинде айтылган дооматтар боюнча азыркы бийлик эч кандай реакция жасай элек. Бул көрүнүш коомчулукта шектенүүлөрдү жаратып жатканын маалымат жыйынында Адахан Мадумаров белгилеп өттү.
SUPER.KG порталынын "Президенттик шайлоонун жыйынтыгына, Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин легитимдүүлүгүнө шек жаралды. Муну жокко чыгаруу үчүн бийлик эмне кылышы керек?" деген соболуна депутат Таалайбек Масабиров жооп берди.
“Ар бир талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына канча акча каражаты кеткени боюнча өздөрү отчёт беришет. Документ түрүндө чыгымдарды тастыкташат. Азыр каражат көп кетип калыптыр деген маалыматтар тарап жатат. Бирок шайлоонун өзүнүн мыйзамы бар да. Бул иштер БШКга тийиштүү. Мен дагы ошол ортодон чыгып калган маалыматтарды түшүнбөй турам. Бардык каражаттар БШКнын документинде жазылып турбайбы. Тийиштүү органдар муну карап, чечип коюшу керек”, - деди Масабиров.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Айбек Мырза, эксперт Руслан Акматбек, медиа-эксперт Жылдызбек Калыгуловдун жообу бул шилтемеде.