КҮНСЕРЕП: Президенттин кудасынын агасы ишсиз калды. Журналисттер "күнөөлүү" болуп чыкты

Бүгүн, 22-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.

Президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин агасы кызматка дайындалганы чуу жаратты. Бул окуя Ыктыярбек Абжалиевдин кызматтан кетүү арызын жазып берүүсү менен аяктагандай болгон. Бирок Алиярбек Абжалиевдин бул иш боюнча комментарий берүүсү чууну ырбатты. Алиярбек Абжалиев Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты жана президент Сооронбай Жээнбековдун жалгыз кудасы.

Коомчулукта резонанс жараткан окуянын каарманы Ыктыярбек Абжалиев "Мегаком" компаниясынын логистика бөлүмүнө жетекчи болуп бир апта мурун эле дайындалганы белгилүү болду. Бул маалыматтын учу журналисттерге жетери менен коомчулукта сын-пикирлер жаралды. Анын үстүнө мындай маалыматтын ачыкка чыгуусу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Жээнбековдун бийлигин Бакиевдин жолу менен бара жатат деген маегине дал келип калды. “Үй-бүлөлүк башкаруу калыбына келип жатканын, ага-инилер, күйөө балдар жана кудалар киришкенин көрүп жатабыз” деген эле Атамбаев. “Мегакомдун” маалымат кызматы, депутат Алиярбек Абжалиев дагы агасы резюме жөнөтүп бул кызматка дайындалганын айтты. Бирок коомчулукту ишендире алышкан жок. Ыктыярбек Абжалиевдин бажы тармагында иштеп жүрүп пенсияга чыкканы, уюлдук байланыш тармагында тажрыйбасы жоктугу, бул кызматка Алиярбек Абжалиевдин кесиптеши, депутат Акылбек Жамангулов “Мегакомго” башкы директор болуп баргандан кийин дайындалышы отко май тамызды. Жыйынтыгында кызматка дайындалганы тууралуу маалымат ачыкка чыккан күнү Ыктыярбек Абжалиев коомчулук тарабынан жааган сын-пикирлерден улам арыз жазып, кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

Бирок чыныгы талкуу бул окуядан кийин ага карата депутаттын реакциясынан улам жаралды. Алиярбек Абжалиев журналисттер маалыматты жарыялагандан кийин агасы кызматтан кеткенин “Азаттыкка” айтып: “Мурун шопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга, министрликтерге барса унчукпай отуруп, азыр жаман жагын көрсөтүп жатышат. Ким жазган болсо да, журналисттерге да Кудай бар”, - деп нааразы болду. Депутат журналисттер агасынын жакшы жагын, тагыраагы, анын бажы тармагында иштеп, 2-3 облуста башчы болуп иштеп тажрыйбасы мол экенин жазбаганын сөз кылып, “ушундай деңгээлде иштеген экен, ал бөлүм башчылыкка эле эмес, “Мегакомдун” өзүнө барса да татыктуу экен” деп мындай дайындоого алакандар чабылбаганына нааразы.

Жакында "Мегакомго" директор болгон Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда парламентте аталган компаниянын жетекчисинин айлыгы 300 миң сом, бонус, сый акы кошулганда 700-800 миңге жетерин айтып чыккан. Июнь айында Акылбек Жамангулов жогорудагы пикирин дагы улап, аталган компанияда иштеген 1500 кишинин орточо айлыгы 66 миң сом экенин, жетекчилеринин айлыгы 20 миң долларга чейин жетерин айтып сынга алган.

Жогорудагы окуяга чейин президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы Адыл Каниметов Каракол шаарынын мэри болуп дайындалган. Иниси депутат, агасы элчи, кудасы депутат экенине карабай президент эл менен болгон жолугушууларда үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын айтып келет. Президенттин кудасы Алиярбек Абжалиевдин агасынын мамлекеттик компанияга кызматка дайындалуусу өлкө башчынын сөзүнө күмөн жаратты. Мындай күмөн президенттин агасынын күйөө баласы мэрликке шайланганда да жаралган. Бул жолу журналисттердин сергектиги жана коомчулуктун буга чейинки Акаевдик жана Бакиевдик бийликтен алган сабагы жардам берди. Мындай дайындоолор кайталанбайт деген кепилдик барбы?..

“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн ээси Александр Рябушкин камакка алынды, мурдагы директору Мурат Божокоев да көрсөтмө берүү үчүн тергөөчүлөргө барганы тууралуу маалымат тарады. ИИМдин маалыматына ылайык, “Вечерний Бишкек” жабык акционердик коомунун акционерлеринин арыздары боюнча текшерүү жүргүзүү учурунда басма үйүнүн жетекчилери тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган. Тагыраагы, 2015-2016-жылдары соттордун чечимдери менен Эркин Мамбеталиевге жана Икрамжан Илмияновго моралдык зыян келтиргендиги үчүн ар бирине 1 миллион сом компенсация төлөп берүүдө кемчиликтер кеткен.

“2016-жылдын 21-октябрында Божокоев Рябушкин менен алдын ала сүйлөшүп алып, бөлүштүрүү жана башкаруу ыйгарым укуктарын пайдалануу менен “Вечерний Бишкек” компаниясынын кызыкчылыктарын эске албай туруп, арыз ээси Мамбеталиев менен “Вечерний Бишкектин” каражатынан 1 миллион сомду төлөө боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ошол эле күнү "Вечерний Бишкек" басылмасынын кассасынан Мамбеталиевге 1 миллион сом акча берилген, бирок бул сумма “Вечерний Бишкек” басма үйүнөн, “Вечерний Бишкек” гезитинин редакциясынан, "vb.kg" интернет сайтынан өндүрүлгөн. Мындай иш-аракеттер менен басылманын директору жана басылманын башкармалыгынын башчысы тарабынан жабык акционердик коомго материалдык зыян келтирилген”, - деп айтылат тергөө материалдарында.

Жогорудагы фактылардын негизинде “алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү”, “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”, “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Эгер Рябушкин менен Божокоевге тагылган айыптар сотто далилденсе, алар узак мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Аталган гезиттин тегерегиндеги тартыш 2014-жылы башталып, ал тээ 2000-жылдарга чейин басылмага ээлик кылган Александр Ким менен Александр Рябушкиндин ортосунда жүргөн. 2015-жылы соттун чечими менен Акаевдин кезинде үлүшүмдү тарттырып жибергем деген Рябушкин 14 жылдан кийин өз энчисин кайтарып алган. Ал эми Ким тарап муну рейдерчилик деп сыпаттаган. Учурда медиа холдингди кайра эле мурдагы ээси Александр Кимге кайтаруу процесси жүрүүдө. Улам бир бийликтин тушунда “Вечерний Бишкектин” кожоюну алмашуусу салтка айланып баратат...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан