Британияда полиция кызматкерин тиштеген күчүк 10 айга камалды

Британияда полиция кызматкеринин колун тиштеген күчүк 10 айга камакка алынды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя Британиянын Нортгемптоншир графтыгында болгон. Анда 4 айлык Бангл аттуу күчүк көчөгө чуркап чыгып, унаалардын тыгынын жараткан. Бул учурда полиция кызматкери күчүктү кармаганга аракет кылып жатканда Бангл анын билегин жана манжасын тиштеген. Бул окуядан кийин күчүктү полиция бөлүмүнө алып келип "коркунуч жараткан иттер" актысынын негизинде камакка алган. Жергиликтүү тургундар мындай чечимге каршы экенин социалдык тармак аркылуу айтып, күчүктү боштондукка чыгаруусун талап кылган.

Банглдын кожоюну Дэвид Хэйс полиция кызматкерлерин сыйлай турганын, бирок алардын бул кылганы ашыкча экенин билдирген. "Коркунучтуу иш жасабагандан кийин күчүктү камакка алуу туура эмес. Азыр Бангл коркуп жатат, стресске кабылды" деген. Дэвид Хэйс учурда жактоочу жалдап, күчүктү чыгарып алуунун аракетин көрүп жатат.

Ал эми полиция кызматкерлери аларды сындагандарга карата "эгер ушул эле күчүк баланы тиштеп койсо, же унаалардын кагылышуусуна алып келсе коомдун реакциясы башкача болмок" деген жооп кайтарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Shaa-82
2018-11-23 09:28:35
Аргасыз жылмайдым))). Тообо бизде жаныбарды эмес адамды камай алышпай ататго.
+6
sagynbek.apyshev
2018-11-23 10:48:40
Стресске кабылды дейт. Ошондо кечке ойлонуп үрбөй калабы??
+10
nur0202
2018-11-23 11:14:48
sagynbek.apyshev,кулкуну келтирет го созун
+3
bond02
2018-11-23 11:09:11
Кучук капалуу го.
0
isarti
2018-11-23 11:54:32
Ушул иштин өзү адамзаттын кыла турган иши эмес.Ит иттигин кылат да. Кыргыздарда адамды тиштеген итти атып эле салган.
0
talas0707
2018-11-23 12:45:54
Батышда демократия десе эле болбогон нерселерди кылышат. Ушуда ишпи.
+1
Mamiev
2018-11-23 13:34:10
Ушундай алсыз мамлекет экенбиз чет мамлекеттин жанылыгын окуп өзүбүздүн мамлекетке салыштырабыз. Значит бизде акыйкат жок ошол үчүн бөлөк мамлекеттердин жасаган ишине суктанабыз
+4
Snejana
2018-11-23 18:32:17
Эмне дешти дагы билбей калдым.
0
aziz.k
2018-11-23 18:49:09
Пара берип чыгып кетбептир да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан