Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусияга барышы мүмкүн. Мындай маалыматты Орусия парламентинин эл аралык комитетинин башчысына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, сапар учурунда Корей жарым аралындагы абал жөнүндө сөз болот.
"Ким Чен Ындын Орусияга сапары күтүлүүдө. Учурда убактысы жана жолугушуунун форматы такталууда. Буга чейин парламент төрайымы Валентина Матвиенко Түндүк Кореяга иш сапар менен барып, Ким Чен Ынга Владимир Путиндин саламын жеткирген. Ошондо Түндүк Корея лидеринин Орусияга сапары аныкталган", - деп жазылат маалыматта.