"Супер-Инфо" 2018-жылдын мыкты гезити деп тандалды

Бүгүн, 23-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Жылдын тандоосу" фестивалы болуп өттү. Фестивалдын жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты делген товарлар жана кызматтар керектөөчүлөр жана эксперттер тарабынан тандалды.

"2018-жылдын мыкты гезити" номинациясы Кыргыз өлкөсүндөгү эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитине ыйгарылды. Гезит ээси "Компьютер Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Шайиста Шатманова мындай ийгиликтин сыры эмгекте жана ынтымакта экенин белгиледи.

"Бул сыйлыкты алып жатканыбызга абдан кубанып турабыз. Мындай ийгиликтердин артында талыкпаган эмгек жана жамаатыбыздын биримдиги турат. Уюштуруучуларга, биздин эмгегибизди баалагандардын баарына терең ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү бизден башка сыйлык алган жамааттардын баарын куттуктайбыз", - деди Шайиста Шатманова.

Ал эми "Супер-Инфонун" башкы редактору Мирлан Өмүралиев талыкпаган эмгектин бааланышы сыймык экенин билдирди.

"Сыйлык алуу сыймык. Уюштуруучуларга рахмат айтабыз. Мындай ийгиликтин келишине окурмандарыбыздын да салымы чоң. Андыктан ар дайым биз менен бирге болуңуздар демекчибиз", - деди Мирлан Өмүралиев.

Эл аралык "Жылдын тандоосу" фестивалы Кыргыз өлкөсүндөгү белгилүү жана сапаттуу товарларды жана кызматтарды жайылтуу үчүн жыл сайын өткөрүлөт. Долбоордун башкы максаты - белгилүү бир товардын же кызматтын сапатын жана популярдуулугун бирдиктүү баалоо болуп саналат. Баалоо керектөөчүлөр жана дасыккан эксперттер тарабынан жүргүзүлүп, ар бир номинация боюнча лидерлер тандалат.

"Жылдын тандоосу" фестивалы эл аралык макамга ээ жана ар жыл сайын Украина, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүндө өткөрүлөт.

"Супер-Инфо" 2018-жылдын мыкты гезити деп табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Hadyja
2018-11-23 21:28:37
Куттуктайбыз!!!Дайым чындыкты гана жазган гезиттен болуп журо бериниздер!!
-15
dastan_nookat
2018-11-23 21:34:29
Кутуктайм мыкты гезитсинер
-2
Dembele84
2018-11-23 21:43:29
Мындан башка кучтуу гезит жок озу бизде.10жылдан бери эле биринчиликти эч кимге бербей келе жатат Супер инфо.Дагы алдыга осо бергиле,окурмандарынар мындан да кобойо берсин!!!
-4
Azatbek.Svoboda.
2018-11-24 18:35:06
Dembele84,Сен башкасын окубасын жок дейсинда! ХХХХ деген жакшы эч кимге коз каранды мес гезит бар!
0
Dembele84
2018-11-24 20:04:32
Azatbek.Svoboda.,ХХХХ болобу же китеп болобу,кандай болгондо да буларчалык окурманы жок!Мен коз карандысыз гезит деген жокмун,окурманынын коптугу боюнча Кыргызстанда биринчи орунда турат деп жаздым!
+1
Dembele84
2018-11-23 21:45:20
Силерге сунушум,комментарийге смайлик менен сурот жуктой турган кылып койсонор сонун болмок )))
+11
Aikaaaa
2018-11-23 21:58:01
Кут болсун! Иштериңерге ийгилик!
-3
JrDosSantos
2018-11-23 22:36:11
Талкуу жабык дебегиле саясий темаларга. Менин сунушум силерге
+10
Modric10
2018-11-23 22:45:06
Эн мыкты десе токтоп калбагыла.анан биз сураган ырларды жуктобойсунор оз убагында
0
Mamiev
2018-11-23 23:33:15
Мыкты гезит.
0
dastan.bujun
2018-11-24 16:38:33
Атамбаевти коп мактайт.
+3
Azatbek.Svoboda.
2018-11-24 18:29:53
Супер-Инфону негиздеген редакторунар катышпадыбы?
0
bekmaral
2018-11-24 21:13:52
Шаиста или Шайиста
0
Samar90
2018-11-24 21:35:44
Супер инфо жакшыго бирок М.ф. Т.Р жакпайт
0
Nursbaike
2018-11-24 22:14:32
Кылыч атанар интервью бериптир Марал радиосуна чыгарбайсынарбы окуйлу
0
erjigit-e.15
2018-11-26 20:33:50
Куттуктайбыз. Ишиниздерге Ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан