Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрү тууралуу интернетке жазылган билдирүүлөрдү текшерүү үчүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жөнөттү. Маалыматты SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.
Коомдук ишмер Эдил Байсалов Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу текшерүүнү талап кылган. Ал Башкы прокуратурадан 2017-жылы Атамбаевдин Индира Жолдубаевага тапшырган документтерден кандай жыйынтык чыкканы боюнча жоопту талап кылып жатканын билдирген.
"Менин колумдагы былтыр Анкара, Измир, Стамбул шаарларынан топтогон расмий документтерди изилдеп чыгууну суранып жатам. Алмазбек Атамбаевдин коррупциясына, бийликти узурпация кылып алганына баа берилиши керек. Бул киши экс-президенттик статуска ээ болууга укугу жок", - деген коомдук ишмер.
Башкы прокуратурадан Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы экс-президенттин мүлкү боюнча билдирүүлөрдү карап чыгышы керек деп билдиришти.