Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев: "Жээнбеков “мародёр”, “сасыткы” деп эч кимди маскаралаган жок"

Былтыр 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында орун алган. Ал кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылган.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун бир жылы эмнеси менен эсиңизде калды?" деген соболуна коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев жооп берди.

Ал президент үчүн бир жылда экономикалык-социалдык көйгөйлөрдү чечүү кыйын деген пикирин айтты.

“Жалпы мекендештерибиз кабыл алгандай эле Сооронбай Жээнбековдун биринчи иш жылдыгында өзүнүн толук ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча жасаган иштери болду. Бир топ сындарды айтты, эч кимге көз каранды болбогон мамлекет башчысы катары толук кандуу саясат жүргүздү деп ойлойм. Коррупцияга каршы күрөштүн жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн белгилейт элем. Албетте, эл арасында кадр маселеси, экономикалык-социалдык жааттагы көйгөйлөр тууралуу көп сөз болуп жатат. Баарын бир жылда чечүү кыйын. Сооронбай Жээнбековдун жасаган кадамдарынын ичинен “сасыткы”, “мародёр”, “ууру” деп эч кимди маскаралабай, бирөөлөрдүн абийирине шек келтирбей, ынтымакка, биримдикке алып келгенин чоң кадамдарынын бири деп айтып кетсем болот”, - деди Дүйшөбаев.

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, журналист Нарын Айып, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, жарандык активист Адил Турдукулов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан