Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев: "Жээнбеков Атамбаев түзгөн жеке кландык бийликти үздү"

Былтыр 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында орун алган. Ал кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылган.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун бир жылы эмнеси менен эсиңизде калды?" деген соболуна коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жооп берди.

Ал Сооронбай Жээнбеков президент катары жасаган эки окуяга басым жасады.

"Эсте калган биринчи окуя - бул Алмазбек Атамбаев түзгөн жеке кландык бийликтин үзүлүшү болду. Анын “сырттан туруп башкарам” деген схемасынын талкаланышы мамлекет үчүн чоң иш болду. Экинчи окуя - бул корррупцияга каршы күрөш ачылып, ири мыйзам бузуулар аныкталды. Бул кадамдардан кийин элдин акыйкаттыкка болгон ишеними кайтты. Жыл ичиндеги негизги окуялар ушулар", - деди Каптагаев.

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев, журналист Нарын Айып, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, жарандык активист Адил Турдукулов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан