Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өтүүдө. Анын аталышы "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең".
Иш-чаранын жүрүшүндө президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун окуду. Анын айтымында, курултайда айтылган маселелер президентке жеткирилип, тыкыр текшерүүдөн соң тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
"Курултай элди бириктириши керек. Эгемендикти көздүн карегиндей коргоо - биздин милдетибиз. Бийлик жарандык коом менен конструктивдүү кызматташса, өлкөдө өнүгүү болот, ынтымак келет. Курултай мындан ары дагы иштеп, эң курч маселелерди чечүүчү аянтка айланат деп ишенем", - деген Жээнбековдун кайрылуусун Кененбаев окуду.
Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышууда. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар бар. Ал эми учурда мамлекеттик кызматта иштегендерден президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев курултайга келишти.