Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өтүүдө. Анын аталышы - "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең".
Иш-чаранын жүрүшүндө экс-депутат Равшан Жээнбеков баяндама жасады. Анын айтымында, өлкөнү президент эмес, премьер-министр башкара турган системге өтүү керек.
"Президентке каршы күч боло ала турган парламент тарыхыбызда 2-3 жолу гана болгон. Бүгүн бул жерде отурган Медеткан Шеримкулов жана Ахматбек Келдибеков жетектеген парламент күчтүү болгон. Эмнеге азыр күчтүү парламент болбой жатат? Анткени өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин үстүндө президенттик аппарат турат. Ал өкмөт менен парламенттин күчтүү болушуна жол бербейт. Президенттик аппараттын жетекчиси премьер-министр болуп жатса, андай мамлекетте күчтүү өкмөт болбойт. Атамбаевдин президенттик аппаратынын жетекчиси премьер болгон. Азыркы президенттин аппарат жетекчиси өкмөттү башкарат. Ошондой эле УКМК менен прокуратура президенттин кол алдында болсо, күчтүү парламент болбойт", - деди Жээнбеков.
Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышууда. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар бар. Ал эми учурда мамлекеттик кызматта иштегендерден президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев курултайга келишти.