"Кыргызым жоголуп баратат!" деп курултайда чуу салган кишини "Кырк чоро" сыртка чыгарып жиберди

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өтүүдө. Анын аталышы - "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең".

Иш-чаранын жүрүшүндө парламенттин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов трибунага чыгып сүйлөп баштаганда залдан бир киши "Кыргызым жоголуп баратат!" деп кыйкырып баштады. Башкалар ага кайрылып "Жаагыңды жап!" деп жооп кайтарышты. Курултайда тартипти көзмөлдөп жаткан "Кырк чоро" уюмунун өкүлдөрү Шеримкуловго тоскоол кылган кишини сыртка алып чыгышты. Андан соң Шеримкулов "курултайда мындай нерселер мыйзам ченемдүү көрүнүш" деп окуя тууралуу комментарий берди.

Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышууда. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар бар. Ал эми учурда мамлекеттик кызматта иштегендерден курултайга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан