Садыр Жапаров парламентте 55 депутатты калтырууну сунуштады

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өтүүдө. Анын аталышы - "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең".

Иш-чарада камакта отурган Садыр Жапаровдун тарапташы чыгып, Жапаровдун кайрылуусун окуду. "Курултай Баш мыйзамга кириши керек. Президент өлкөнү өзү башкарып, жоопкерчиликти моюнга алышы зарыл. Парламент 55 депутаттан ашпоосу керек, алар мыйзам чыгарып, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алышы шарт. Мындан тышкары курултай жыл сайын чогулуп, анда президент менен өкмөт отчёт бериши керек. Ошондо бийлик жоопкерчиликтүү болот. Элден сурак жок болгондуктан бийлик жоопкерчиликсиз болуп жатат", - деп айтылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышууда. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар бар. Ал эми учурда мамлекеттик кызматта иштегендерден курултайга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Исаев, Курманкул Зулушев келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан