Өзбекстандын Наргиза Касымова аттуу жараны учакта көз жарды. Бул тууралуу бир катар чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-ноябрда Пекинден Ташкентке багыт алган учактагы кош бойлуу жүргүнчү өзүн начар сезе баштаган, бирок анын төрөй турган күнү эрте экендиги белгилүү болгон. Көп өтпөй анын толгоосу башталып, уул төрөгөн.
Учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн арасындагы экөө тең дарыгер түгөйлөр төрөттү кабыл алышкан. Мындан тышкары андагы кызматкерлер, башка жүргүнчүлөр да колунан келген жардамын көрсөткөн. Төрөт ийгиликтүү өтүп 7 айлык ымыркай жарык дүйнөгө келген. Андан кийин лайнер кайрадан Пекиндеги аэропортко кайтууга мажбур болгон. Эне-бала дароо Пекиндеги Hemujia бейтапканасына жеткирилген. Ымыркайга Мухаммад Салих деген ысым берилген. Ал Касымованын бешинчи баласы.
Көз жарган келин менен бир учакта келе жаткандар Ташкентке 5 саатка кеч конушкан.