Американын Лос-Анжелес шаарында "ресторандагы алдамчы" деген атка конгон адам 120 күнгө камалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, 45 жаштагы Пол Гонсалес интернет аркылуу таанышкан аялдарды ресторандарга тамактануу үчүн чакырып, аягында акчасын төлөбөй качып кетүүнү адат кылган.
Тергөө учурунда ал 2016-жылдын апрель айынан тартып 2018-жылга чейин ондон кем эмес аялды алдап, ал төлөбөй койгон акчанын жалпы суммасы 950 долларды түзгөнү аныкталган. Ал аялдар менен аталган шаардагы ар кайсы ресторандарга барган.
"Ресторандагы алдамчы" негизинен креветка менен куурулган этке буюртма берген. Ал чогуу тамактанган 8 аял өздөрү чыгымды төлөгөн, ал эми 2 аял төлөй албагандыктан ресторандар өздөрү эсепти жабууга аргасыз болушкан. Сот Гонсалеске мындан ары таанышуу сайттарын колдонууга тыюу салган.
Ага алданган аялдардын бири журналисттерге тамаша иретинде жооп берген. "Эми ал курсагынан камсанабаса болот, түрмөдө үч маал акысыз тамак берет", - деген ал.