Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартиби боюнча 5 маселе каралат. 2017-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт талкууланат. 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө маселе каралат. Баяндаманы каржы министри Адылбек Касымалиев жасайт.