Шотландиялык мушкер баласына белек алуу үчүн чемпиондук курун сатыкка койду

Бокс боюнча Дүйнө чемпиону, шотландиялык мушкер Ронни Кларк чемпиондук курун сатыкка койду. Чет элдик басылмалар, мушкер баласын Рождество майрамы менен куттуктап, белек алуу үчүн курду сатып жатканын жазып чыгышты.

Ронни Кларк каражаттын жоктугунан улам чемпиондук курун сатып жатканын айткан. Ошондой эле анын акыркы 3 беттеши болбой калганын белгилеген.

"Мен бул курду сактап калуунун ордуна сатып жатам. Анткени Рождество майрамы жакындап калды. Уулума белек алып бергенге акчам жок. Алдыда боло турган беттештерге катыша албайм, жаракат алгам", - деген ал. Ошондой эле мушкер сатып алууну каалаган кардар болсо курду жеткирип берерин, кол тамгасын дагы калтырарын кошумчалаган.

Ронни Кларк 2018-жылдын февраль айында жеңилгис деп атыккан Зелфа Барретти жеңип, Дүйнө чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bars88
2018-11-26 16:09:03
Балан учун болсо сат.Озун дагы сакайып кет
+6
Zhoro
2018-11-26 16:23:27
Чемпион кыйын болуптур эл журтун унчукпай олурабы?
+1
Rifle_I
2018-11-26 17:50:57
Zhoro,биздин чемпиондорго эл жардам берип жатабы ? Эл эмес, мамлекет карбайт .
+1
Rembo2018
2018-11-26 18:42:20
Атанын ою балада.баланын ою талаада деген ушу да ех
0
Asylai88
2018-11-26 21:44:35
Дуйно чемпионунда акча жок болсо анда соз жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан