
АКШда бурганактап жааган кардан улам бир нече штаттагы 1 миң 200 аба каттамы учпай калды. Бул тууралуу "FlightAware" маалымат булагынын сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, 25-ноябрь күнү саат 18:00дө Чикаго жана Канзас-Сити аркылуу учкан ички жана эл аралык каттамдар токтотулган. Ошондой эле катталган жол кырсыктарынан улам бир нече унаа магистралдары жабылган.
Синоптиктердин айтымында, кар Небраска, Канзас, Айова жана Миссуриде жаап жатат. Ал эми бүгүн, 26-ноябрда кар менен коштолгон аба ырайы АКШнын түндүк-чыгыш тарабында күтүлөрү айтылып, анда 30 сантиметрге чейин кар жаап, каттуу шамал болушу мүмкүн.