
LG компаниясы 16 камералуу смартфонду патенттеди. Бул тууралуу АКШнын патент жана товардык белгилер ишканасы кабарлаганын чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, мынча сандагы камера менен смартфон 3D-сүрөт тартканга жарайт. Анда алдыда турган объектти ары-бери жылдырып, артындагы фонду кыймылсыз калтырса болот.
Белгилей кетсек, 2011-жылы компания 3D-сүрөттөрдү тарта турчу эки камералуу Optimus 3D смартфонун иштеп чыгып, ал сатыкка 2016-жылы чыккан.