“Timekettle” компаниясы 2 башка тилде сүйлөгөн адамдардын ортосундагы пикир алмашууну жеңилдеткен зымсыз иштеген кулакчындарды январда сатыкка чыгарат. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, кулакчынга синхрондук котормо кызматы орнотулган. Ар бир кулакчын өзүнчө бир жабдык жана алардын ар бирине динамиканын тилине байланышкан өзүнүн смартфон-тиркемеси жүктөлөт. Анда адам кулакчындын бирин маектешип жаткан адамга берип, экинчисин өзү колдонот.
Кулакчындар 2 режимде иштейт. Автоматтык жана кол менен башкаруу режими. Автоматтык режимди колдонуу үчүн тынч жерде отуруп алып маектешүү керек. Бул мезгилде кулакчын өз алдынча иштей берет. Ал эми көпчүлүк бар жерде кол менен башкаруу режимин колдонуу зарыл. Аталган режимде колдонуучу сүйлөп баштаганда кулакчынга кол тийгизип туруусу керек.