Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкерликти өнүктүрүү боюнча өкмөттүн саясаты жөнүндө токтом каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана экономика министри Олег Панкратов жасайт.
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынынын күн тартибине 10 маселе коюлган. "Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Расмий статистика жөнүндө" мыйзам долбоору жана башка маселелер каралат.