Ош облусунун Кара-Суу районунда 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү 31 окуучунун катышуусунда массалык мушташ болуп, анын катышуучуларды кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, милицияга 21-ноябрда саат 23:30 чамасында өспүрүмдөр мушташып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге чыгып, мушташка катышкан 2002-2003-жылы туулган 31 баланы кармашкан.
Алардын арасындагы Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган Н. уулу Н. денесинин ар жерине миздүү нерсе менен жаракат алып, Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда жабырлануучунун абалы жакшы.
Мушташка катышкан балдар Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагы менен Сарай айыл аймагынын мектебинин биринде окуган 10-11-класстын окуучулары экендиги аныкталды. Окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.