24-ноябрдагы "Кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы курултайдын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Айбек Бузурманкулов катышууда.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө Бекназаров: "Кеткен бийликке катуу баа берилип, Жээнбековго "канааттандырарлык" деп таап койду деп жатышат. Бир жактуу болуп калды деп сындап жаткандардын бири да келип, сөз сүйлөгөн жок. Атамбаевди да, Мадумаровду, Мискенбаевди да чакырдык. Муну мен сунуштадым. Бул үчүн мени жаман көргөндөр да болду. Юрист Нурбек Токтакунов эле келди", - деди.