Азимбек Бекназаров: "Биз Жээнбеков тарапка өттүк деп чечтик"

24-ноябрдагы "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы курултайдын жыйынтыктары боюнча бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйын өтүүдө. Ага Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Айбек Бузурманкулов катышууда.

Маалымат жыйында сөз сүйлөп жатып Бекназаров буларга токтолду: "КСДПнын штабынан чыккан маалыматтар тууралуу чечим кабыл алынбай калды. Биз аны кайрадан сунуштап жатабыз. КСДП курултайга катышабыз деп жаткан. Кийин эле Каптагаев баяндама жасайт экен деп келбей койду. КСДПнын бир буту Атамбаевде, бир буту Жээнбековдо турат. Алар бир жакка өтсүн. Биз Жээнбеков тарапка өттүк деп чечтик", - деди ал.

Айта кетсек, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өткөн. Анын аталышы - "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең".

Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышты. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров,Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар болду. Ал эми учурда мамлекеттик кызматта иштегендерден курултайга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев, Курманкул Зулушев келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан